ЖАЗДЫМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кокустан, күтүлбөгөн жерден, жаңылыштан. Жаздым болуп ок жаңылды. || Таамай эмес, мүчүлүш, калпыс. Жамбыны жаздым атпаган Мергендер келсин тоюма («Семетей»). Кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тапкан жерлерим да бар (Элебаев). Садык жаздым муштап алып, күүсү менен жыгылып кала жаздады (Байтемиров). 2. Майып болуу же өлүү. Жазып-тайып кокустан, Жаздым болуп каламбы («Эр Табылды»).